7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө аскада казак жаранынын курга асылган жансыз денеси табылды

913

Чүйдө казакстандык жарандын сөөгү аскада кур менен асылып турган абалында табылды. Бул тууралуу маалыматты Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде саат 17:40 чамасында Панфилов РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө тоодон мамлекеттик чек арага жакын жерде болжол менен 20-25 жаштардагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Милиция кызматкерлери дароо жерине барып, кур менен аскада асылып турган жарандын сөөгүн табышкан. Асынган жарандын өздүгү такталып, 2003-жылы туулган Б.У. атту казак жараны экени белгилүү болгон.

Аталган факт маалымат журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

914