7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жарандын телефонун уурдап кеткен». Бишкекте интернет аркылуу баңгизат сатууга шектүү кармалды

599

Бишкекте телефон уурдоого жана баңгизат таратууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи май районунун ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-февраль күнү саат 21:30 чамасында шектүү А.Р. соода түйүндөрүнүн биринде, жабырлануучу С. У.нын байкабастыгынан пайдаланып, кассадан баасы 25 миң 990 сом болгон «Хаiomi» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап качып кеткен.

Бул факт Биринчи май районунун ИИБ Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган учурда шектүүнүн чөнтөгүнөн өзгөчө кескин жыты бар кочкул-боз түстөгү зат жана жабырлануучуга таандык «Хаiomi» үлгүсүндөгү уюлдук телефон табылып алынган.

Телефонго мониторинг жүргүзгөндө «КРЗ» аталышындагы заттар бар болгон даректерин жана координаттарын көрсөтүү менен жашыруун жерлердин ордун сүрөттөгөн сүрөт табылган.

Ошондой эле шектүү уурдалган телефон аркылуу ага «телеграмм» тиркемесин орнотуп, баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү, тактап айтканда «Олд Скул» деп аталган интернет дүкөндө иштеп, казылган жерлерде зат салынган кыстырмалардын болушун көзөмөлдөгөнү жана текшергени аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкекте жайгашкан Семипалатинск көчөсүндөгү жерди текшерүү учурунда тосмонун кирпичинде сары түстөгү 1 даана зат табылган. Соттук-экспертизадан соң изилдөөгө берилген зат салмагы 0,302 грамм болгон A-PVP психотроптук зат экендиги аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

600