Спорттук күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү 21-25-апрель күндөрү Улан-Батор шаарында өтө турган эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.
Курама команда алгач 16-апрелден, 21-апрелге чейин аталган шаарда эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрөт.
Кыз-келиндер курама командасы улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат:
1. Айсулуу Тыныбекова, 62 кг;
2. Мээрим Жуманазарова, 68 кг;
3. Айпери Медет кызы, 76 кг.
Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жетекчилиги алдында грек-рим боюнча курама командасы төмөнкү курамда катышат:
1. Балбай Дордоков, 55 кг;
2. Жоламан Шаршенбеков, 60 кг;
3. Тынар Шаршенбеков, 63 кг;
4. Элдияр Сатаров, 67 кг;
5. Адилхан Нурланбеков, 72 кг;
6. Акжол Махмудов, 77 кг;
7. Калидин Асыкеев, 82 кг;
8. Мелис Айтбеков, 87 кг;
9. Үзүр Жузупбеков, 97 кг;
10. Роман Ким, 130 кг.
Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Таабалды Сүймөнкул уулу жана башкы машыктыруучу Русланбек Мажиновдун жетекчилиги алдында чемпионатка катышат.
Балбандардын тизмеси:
1. Алмаз Сманбеков, 57 кг;
2. Улукбек Жолдошбеков, 61 кг;
3. Алибек Осмонов, 65 кг;
4. Эрназар Акматалиев, 70 кг;
5. Ислам Орозбеков, 74 кг;
6. Арсалан Будажапов, 79 кг;
7. Саякбай Усупов, 86 кг;
8. Мирлан Чыныбеков, 92 кг;
9. Айбек Токтогул уулу, 65 кг (резерв)
10. Орозбек Токтомамбетов, 70 кг (резерв).