Ошто жуунучу бөлмөдө камалып калган аялга куткаруучулар келип эшигин ачып берди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-апрель күнү саат 05:45те 112 кызматына 51 жаштагы аял жуунучу бөлмөдөн чыга албай жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылган.
«Кулпуланган аял жуунучу бөлмөдө өзүн жаман сезип жатканын айтып даттанган. Куткаруучулар эшикти ачып, аялга медициналык жардам көрсөтүшкөн. Андан кийин өзүн жакшы сезип калганын айтты»,- деп берилет малыматта.