Ырчы Нурлан Насип жана ЖК депутаты Айгүл Айдарова менен чырдашкан кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулуп, ага кошо үч кызматкер тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
«Социалдык тармактарда жарык көргөн видео материал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анда 20-мартта ырчы Нурлан Насип менен чырдашкан кызматкер 3-апрелде ЖКнын депутаты Айгүл Айдарова менен да чырдашууга жол берген. Ошол видео тасмалар боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында ошол кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулуп, ошол күндөрдөгү жанындагы шериги , жоопту кызматкер, жана командир взводу тартиптик жазага тартылды»,- деп берилет билдирүүдө.