Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акча талап кылгандыгы үчүн Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э.» кармалды.
Кармалган кызматкер «Н.А.» аттуу жарандын «А.М.» аттуу уулун альтернативдик кызматка чакырылышы үчүн документтерди тариздөөгө 37 000 сом акча каражатын талап кылганы аныкталган.
Аталган акча каражатынын бир бөлүгүн алгандан кийин Араван райондук Аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы «Э.Э. » кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 159-беренесине ылайык андан аркы тергөө амалдарын уюштуруу максатында Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.