7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев жаңы ак үйдүн курулушу боюнча талкууларга жооп берди

624

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жаңы административдик имараттын курулушу боюнча айтылып жаткан терс пикирлерге жооп берди.

“Борбор калаада жаңы административдик имараттын курулушуна байланыштуу талкуулар көпчүлүк учурларда ага чыгымдала турган каражатты мектеп, оорукана же башка социалдык объектилерди курууга жумшаса болмок дегенге келип такалууда.

Мында айрым адамдардын бул теманы “оюн” кылып, коомчулуктун көңүлүн башка жакка бургусу келгени түшүнүктүү.
Статистикалык маалыматтарга учкай токтоло кетейин.

Акыркы бир жарым жылдын ичинде өлкө боюнча 202 мектеп жана алардын спорт залдарынын курулушу жүрүп, 68 мектеп бүткөрүлдү.

Ошондой эле, акыркы бир жарым жылдын ичинде республика боюнча 159 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери аяктады.
Жалпысынан алганда саламаттык сактоо тармагына 2021-жылы 20,9 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2022-жылы 23,5 миллиард сом бөлүнгөн. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 112,4%ды түздү же 2,5 млрд сомго көп.

Билим берүү тармагына 2021-жылы 40,2 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2022-жылы 42,1 миллиард сом бөлүнгөн. Өсүү темпи 104,72%ды түздү же 1,9 млрд сомго көп болду.

Социалдык коргоо тармагын камсыздоого 2021-жылы 35,8 миллиард сом бөлүнсө, 2022-жылы 42,2 миллиард сом каралган. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи 118,0%ды түздү, же 6,4 млрд сомго көп.

Ошону менен бирге, 2022-жылдын 1-апрелинен тарта 309 миң социалдык кызматкердин эмгек акысы жогорулатылганын эске сала кетели. Буга быйылкы жылдын бюджетинен саламаттыкты сактоо секторуна 5,5 миллиард сом, билим берүү секторуна – 18,5 млрд сом, социалдык коргоо секторуна – 384,4 млн сом кошумча каражат бөлүү талап кылынат.

2022-жылдын 1-июнунан тарта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын көлөмүн көтөрүү пландаштырылууда.
Мектептер, ооруканалар, социалдык объектилер курулуп келген жана курула бермекчи. Социалдык чөйрө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берет.

Мамлекеттик машина ата мекендик экономиканы көтөрүүнү улантып жатканда өлкөдө мындай объектилер мындан да көп курулат”,-деп жазган Эрбол Султанбаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625