7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүктөрдүн эркин өтүүсү боюнча чараларды кабыл алуу макулдашылды

645

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы жүк ташуучу унаа каражаттарынын токтоп туруусу маселеси боюнча видеоконференцбайланыш режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү макулдашууларга жетишилди: 

  • Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыздын аймагынан жүк ташуучу транспорт каражаттарын ташылуучу товарларга электрондук эсеп-фактураларсыз чыгарууга тыюу салат;
  • Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети Кыргызстандан  ЕАЭБ өлкөлөрүнө Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен ташылып келе жаткан товарларга электрондук эсеп-фактуралары бар жүк ташуучу унаа каражаттарына карата текшерүү жана контролдоо иш-чараларын жүргүзбөйт;
  • Электрондук эсеп-фактураларда Кыргызстандан Казакстанга белгиленбеген импорттолуучу товарлар аныкталган учурда, Казакстандын финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети транспорт каражаттарын Кыргызстандын аймагына кайтаруу боюнча чараларды көрөт;
  • Электрондук эсеп-фактураларда көрсөтүлбөгөн товарларды аныктоо транспорт каражатынын жүк бөлүгүн ачуу зарылдыгын жокко чыгарган инспекциялык көзөмөлдөө комплексин колдонуу менен ишке ашырылышы мүмкүн;
  • Жүк ташуучу унааларды артка кайтарууда эки тарап тең Whatsapp мессенджер тобуна унаанын мамлекеттик номерин көрсөтүп, электрондук эсеп-фактураларды жана кайтаруу себептерин тиркөө менен билдирүү жөнөтөт. Топтун курамына Кыргызстандын салык кызматынын жана Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчилери кирет.

Тараптар ошондой эле бир жумалык мөөнөттө Кыргызстандын операторунун навигациялык пломбаларын Казакстандын колдонуу маселесин иштеп чыгууну жана товардык позициялар боюнча Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга жана Казакстанга импорттоону талдоону макулдашты.

Мындан тышкары, тараптар жакынкы күндөрү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында пайда болгон жүк ташуучу унаалардын тыгынын жоюу максатында эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ишин күчтөндүрүүнү макулдашты.

Көрсөтүлгөн чаралар Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана Казакстандын премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султанов кол койгон жыйынтык протоколго киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646