7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Керемет Банк» ААК зыяндын ордун толугу менен толтурду

749

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Керемет Банк» ААК зыяндын ордун толугу менен толтурду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алдамчылык фактысы боюнча катталган кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө акцияларынын 97,45% мамлекетке тиешелүү болгон «Керемет Банк» ААКсынын активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюп ири өлчөмдөгү кредиттерди берүү менен мыйзамсыз чыгарып кетүү фактылары аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери А.К. тарабынан тиешелүү 5 жеке компанияга 2,6 миллион АКШ доллары жана 323 миллион сом өлчөмүндө насыяны банкка ашыкча баалоо менен ликвиддүү эмес мүлктү күрөөгө коюу менен берүүгө макулдук берилген.

«Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен «Керемет Банк» ААКга келтирилген зыяндын орду толук толтурулуп, берилген насыяларды толук камсыз кылган А.К. тарабынан берилген күрөө менен мамлекеттик банк үчүн тобокелдиктер азайтылды.

Күрөөгө коюлган мүлк “Керемет Банк” ААКнын пайдасына 406 946 950 сом өлчөмүндө камсыздалды жана кредиттер боюнча төлөмдөрдү төлөө графиги бузулган учурда бул кыймылсыз мүлк мамлекеттик банктын кирешесине айландырылат»,- деп берилет маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

750