7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент: Кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту талап кылууда

820

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Бул туурасында бүгүн, Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы конфликттин бир жылдыгына карата кайрылуусунда айтты.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дале болсо көйгөй бойдон калууда. Аны чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Кошуна мамлекеттин жетекчиси да жакында Согди облусуна болгон иш сапарында чек ара маселелерин кыргыз тарап менен тынчтык сүйлөшүү жолдору менен чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеп кетти.

Азыркы учурда талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия ырааттуу түрдө ишин улантып жатат. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыштар бар.

Мамлекеттин бүтүндүгү менен коопсуздугун сактоого ант берген өлкө жетекчиси катары чек ара маселелерин чечүүдө кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын жогору коюп, кошуна мамлекеттин дагы казыкчылыгын жана бүтүндүгүн урматтоо менен иш алып бара тургандыгымды баса белгилеп айта кетейин. Буга менин саясий эрким жетет.

Ошол эле мезгилде кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбай, чек арада терс көрүнүштөрдүн болуп кетишине жол бербей, сабырдуулук көрсөтүү менен улуттук коопсуздукту бекем камсыздап алалы. Жараткандан өткөн жылдагыдай каргашалуу окуялардын кайталанбоосун, элибиз, журтубуз аман-эсен, эгемендүү өлкөбүздүн бүтүн болушун тилек кылалы!”,- дейт президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

821