7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Сууда тургундан 50 миң сом талап кылган тергөөчү 15 миң сом алып жаткан жеринен колго түштү

1223

Кара-Суу РИИБнын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган (Опузалап акча алуу) факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, тергөө иштеринин жүргүзүүдө Ош облусунун Кара-Суу РИИБнын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды.

Кара-Суу РИИБнын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты К.М.К кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен Кара-Суу районунун тургунун коркутуп, андан 50 000 сом акча талап кылгандыгы аныкталган.

Көрсөтүлгөн сумманын 15 миң сом бөлүгүн алуу учурунда тергөөчү К.М.К кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1224