7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 34 жаштагы жаран «Тико» үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда

1259

Баткенде 34 жаштагы Сапаралиев Данияр изделүүдө. Баткен ОИИБнын басма сѳз кызматы билдирди.

Баткен районунун Чек айылынын тургуну 1988-жылы туулган Сапаралиев Данияр Абдиманнапович ушул жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында өзү жашаган үйүнөн, өзүнө таандык болгон «Тико» үлгүсүндөгү автоунаасы менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

Бул факты боюнча Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилери: бою 160-165см, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо.
Кийген кийимдери: асты-үстүндө кара түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү бут кийим.

«Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.
Байланыш үчүн номерлер (03622) 5-17-56; 0774 -77-86-88, 0709-73-66-37»- деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1260