Баткенде сууга чөккөн балдарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, саат 10:50дө Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында балдар көлмөгө түшүп, суу жутуп алгандыктан өзүнө келе албай жаткан маалымат түшкөн.
Натыйжада 2006-жылы туулган М.М. жана 2016-жылы туулган А.А ооруканага жаткырылып, 2010-жылы туулган А.Т үйүнө жеткирилген. Жабыр тарткан балдар тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда үчөөнүн тең абалы туруктуу.