4-6-майда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
«4-майда күндүз жана 5-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.»- деп берилет билдирүүдө.