Бүгүн, 3-май күнү Баткен шаарында А. И., аттуу жаранга таандык үйдүн короосунда өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт таштандыларды өрттөөдөн чыгып, жыйналган отунга тутанып кеткен.
Жалпы аянты 16 чарчы метрге жеткен өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 13:22де толук өчүрүлгөн.
Жабыр тарткандар болгон жок.