7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери жана сүт продукциясын өндүрүүчүлөр менен жолугушту

555

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун фермерлери жана сүт продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын өкүлдөрү менен тегерек стол форматында жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын катышуучулары айыл чарба тармагындагы учурдагы көйгөйлөрдү, анын ичинде сүт алуу, анын сапаты жана баасы боюнча фермерлер менен кайра иштетүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн учурдагы абалды талкуулашты.

Белгиленгендей, тараптардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапатын баалоо боюнча бирдиктүү стандарттар жок, бул көп учурда талаш-тартыштарды жаратат.

Тегерек столдун жыйынтыгы боюнча кызыкдар тараптардын катышуусунда эки жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды. Биринчи жумушчу топ кайра иштетүүчү ишканалар менен продукцияны тапшыргандардын ортосунда сүттү кабыл алуу жана анын сапаты боюнча стандарттарды түзөт.

Экинчи жумушчу топ фермерлер менен продукция тапшырган адамдардын ортосунда түзүлөт, топ өз ара иштөө эрежелерин жана шарттарын аныктайт.

Сүт тапшыруучулар кайра иштетүүчү ишканалардын сүттүн сапаты боюнча лабораториялык жыйынтыгына ишенбей жаткан учурларды эске алуу менен Ветеринардык кызматка мындай талаш-тартыштарга ыкчам реакция жасап, сүттүн сапатын изилдөө жана баалоо жүргүзүүсү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, тармактык ведомстволорго фермерлер үчүн мал чарбачылыгына кам көрүү боюнча маалыматтык роликтерди даярдоо тапшырмасы берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556