Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-2023-окуу жылына жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп, өткөрүү жөнүндөгү тиешелүү буйрукка кол койду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка, ылайык 2022-жылы абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
- I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
- II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
- III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).
Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.
Ал эми каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.