7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакыт Төрөбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абировго барды

753

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абировдон кабар алды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бакыт Төрөбаев ардагердин кандуу согушта көрсөткөн эрдигине жана баатырдыгына терең ыраазычылыгын билдирип, туулган күнү менен куттуктады.

«Сиздин 9-май – Улуу Жеңиш күнүндө төрөлгөнүңүз символикалуу. Бүгүн сиз 98 жаштасыз. Сизге чын дилимден чың ден соолук жана бакубат жашоо каалайм. Биз сиздерге жана согуштун бардык катышуучуларына, тыл эмгекчилерине алардын каармандыгы жана өздөрүнө берилгендиги үчүн терең ыраазыбыз. Силер жана эр жүрөктүк менен каза болгондордун бардыгы бизге бейпил жана бактылуу жашоону тартууладыңар. Сиз менин чоң атам Мелебай Төрөбаевдей Сталинграддын жанында согушкансыз. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын согуш ардагерлери азайып баратат, бирок алардын теңдешсиз эрдиктери түбөлүккө сакталат», — деди Бакыт Төрөбаев. Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата ар бир ардагерге 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүү үчүн КР Президенти 10 млн 807 миң сом бөлүү тууралуу буйрукка кол койгонун кошумчалады.

Согуш ардагери Жумабек Абиров жылуу куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, келечек муун үчүн тынчтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мен биздин балдарыбыз, неберелерибиз жана келечек муундарыбыз биз барган согуштун бардык коркунучтуу жана оор сыноолорун эч качан баштан кечирбесин каалайм. Элге тынчтык, биримдик гана керек. Элибиз, мамлекетибиз гүлдөп, өнүгүп-өссүн!», — деди ал.

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Абиров Жумабек 1924-жылы 9-майда туулган. Ал 1942-жылдан 312-аткычтар полкунун составында фронтто салгылашкан. Жумабек Абиров Жуков атындагы медалы жана көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган. Согуштан кийин айыл чарбасында иштеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

754