7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын премьер-министри Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Жеңиш күнү менен куттуктады

946

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровго Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгын майрамдоого байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Согуш майданындагы жоокерлер жана тылда эмгектенгендер биздин жеңишибизге өз салымын кошкондугу ар дайым эсибизде. Улуу Жеңиш күнү урпактарыбыздын жаркын келечеги үчүн жан аябастан салгылашкан элдерибиздин биримдигинин жана баатырдыгынын символу катары түбөлүккө кала берет. Согуштун оор кыйынчылыктарын башынан өткөргөн элдерибиздин ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да чыңдалып, өнүгө берерине ишенем», – деп айтылат текстте.

Куттуктоодо ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир тууган элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү тууралуу каалоо-тилектер жазылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

947