7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов 99 жаштагы ардагер Михаил Сдельниковдун үйүнө барып куттуктады

440

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 99 жаштагы Михаил Сдельниковду Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Эдил Байсалов согуш ардагеринин үйүндө аны менен баарлашып, ага ден соолук, узун өмүр каалады.

«Кыргызстандыктардын азыркы мууну согуштун катышуучуларына жана тылдын эмгекчилерине, согуш талааларында жана ушул оор жылдарда, заводдор менен фабрикаларда эвакуация кезинде көрсөткөн эрдиктери жана баатырдыгы үчүн ыраазы. Согуштун ардагерлерине, тыл эмгекчилерине камкордук көрүү биздин ыйык милдетибиз. Биз сизге кайтарып бүткүс карызбыз”,-деди ал.

Михаил Сдельников көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдирип, бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана бакубатчылык каалады. Анда белгиленгендей, Михаил Сдельников Дон жана Воронеж фронтторунун катарында болуп, Курск салгылашуусуна катышып, 1942-жылдын январынан 1943-жылдын декабрына чейин Ржев-Вязьма багытын коргоо үчүн салгылашкан. 1942-жылы катуу жарадар болгон. 3-даражадагы Даңк ордени, «Аскердик каармандыгы үчүн», «Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

441