УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан жашырынып жана 2022-жылдын 30-апрелинен бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 9-майда Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. кармалды.
Маалым болгондой, кармалган жаран жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген.
Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.