7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат аалымга ат мингизип, балбанга акчалай сыйлык берди (ФОТО)

762

Кечээ, 9-май — Улуу Жеңиш майрамына карата Ош облусунун Ноокат районунда күрөш боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү.

Белгилеп кетсек, аталган спорттук иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан, ошондой эле Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан балбандар чакырылган.

Алгач салтанатты ачып берген Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу конокторду 9-май — Уулу Жеңиш майрамы менен куттуктап, «бүгүнкү иш-чара спортту өнүктүрүү максатында уюштурулуп жатат. Айрыкча кыргыздын салттуу оюну күрөш мелдешин тартуулап, жаштарды мекенчилдикке чакырууну көздөгөнбүз», — деди.

Муну менен катар «Келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө тааныткан балбандар көбөйө берсин», — деген тилегин билдирди.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Бакиров, Фархат Исмаилов, Фарходбек Алимжанов. Нилуфар Алимжанова, Жалолидин Нурбаев, Эмилбек Джусупов, Эльмурза Сатыбалдиев күбө болушту. Ошондой эле майрамдык салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен спорт чеберлери жана жеке ишкерлер келишти.

Эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу чакырылган коноктордун катарында диний аалым Абдышүкүр Нарматовго күлүк ат мингизип, дүйнө чемпиону Акжол Махмудовго акчалай сыйлык тапшырды .

Белгилеп кетсек күрөштү жеңгендер үчүн эл өкүлү тарабынан үч автоунаа жана акчалай сыйлыктар коюлган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763