Бүгүн, түнкү саат 00:08 чамасында Ленин районуна караштуу, Маликов көчөсүндө жайгашкан №47 ЖАК мекемесининен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жерине ӨКМнин эки өрт өчүрүүчү бөлүм, суу ташуучу унаа жана ыкчам топ тартылган.
Натыйжада эки кабаттуу имараттын 200 чарчы метр темир устундуу шифер менен жабылган эки жана 3 бөлмөсү күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.