7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте быйыл «Энелер күнү» 15-майда белгиленет

944

Кыргызстанда Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туура келет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Майрамга байланыштуу райондук администрациялар бир жолку акчалай жардам көрсөтүшөт.

«Баатыр-Эне», «Эне-Даңкы» ордендери менен сыйланган 865 көп балалуу энеге, үч жана төрт эм төрөгөн энелерге, ошондой эле 5 балалуу жана «Үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган аялдарга жардам көрсөтүлөт. Алардын баары Бишкек шаарынын мэриясынын райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында каттоодо турушат. Почта бөлүмдөрү аркылуу 1000 сом өлчөмүндө бир жолку төлөмдөр чыгарылат, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 865 000 сомду түзөт.

Ошондой эле Баатыр энелерге белектерди тапшыруу, үйлөрүнө зыярат кылуу менен майрамдык иш-чаралар уюштурулууда.

Жалпысынан майрамдын урматына материалдык колдоо көрсөтүүгө 1277,5 миң сом каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

945