7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, эки адам каза болуп, 48 адам жаракат алды

856

Жамбыл облусунда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, эки адам каза болуп, 48 адам жаракат алды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Маалыматка караганда, төрт адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Жамбыл облусунун Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына караганда, 12-майда саат 15:48дер чамасында тез жардамга Жуалы районунун Нурлыкент айылына жакын жерде жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Жуалы райондук борбордук оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө 48 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 17си ооруканага жаткырылса, төртөө 4 адам жандандыруу бөлүмүндө, 13 адам хирургия бөлүмүндө. Бир адам санитардык авиация менен шаардык ооруканага жеткирилди. Тилекке каршы, эки адам окуя болгон жерден каза болду», — деп билдирди саламаттыкты сактоо башкармалыгы.

Учурда кырсыктын так себеби такталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

857