Бүгүн, 16-майда президент Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) мүчө мамлекеттеринин лидерлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары чогуу сүрөткө түшкөн соң, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган мааракелик жыйын өтө турган Александр залына өтүшөт.