7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таанышынын автоунаасын жарым млн сомго сатып жиберген алдамчы кармалды

2391

Жалал-Абадда алдамчылыкка шектелип качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад ШИИБге Ош областынын Өзгөн районунун 35 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анын арызында 2020-жылдын ноябрь айынын аяк ченинде Жалал-Абад шаарындагы автозокзалда “Алтынбек” аттуу таанышы алдоо жолу менен «Мерседес-Бенц 814» үлгүсүндөгү автоунаасын 550 000 сом акчага баалашып сатып жибергендигин билдирген.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин (эски редакция) 204-беренесинин (Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жабырлануучу жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде окуяга шектүүнүн өздүгү такталып, ал Сузак районунун тургуну 1980-жылы туулган Р.А. экендиги аныкталган. Шектүү жашаган жерин өзгөртүп, тергөөдөн качып жүргөндүгүнө байланыштуу издөө жарыяланган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин негизинде ушул жылдын 3-май күнү шектүү Ош шаарында жашырынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2392