Мамлекетке 11 миллион сомдон ашуун зыян келтирилип, капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери жоопкерчиликке тартылышты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Баткен шаарында жайгашкан облустук телерадиокомпаниясынын бүтпөй калган курулушун пайдаланууга кабыл алуу фактысы боюнча Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.
Алсак, аталган башкармалыктын жооптуу адамдары подрядчы «А.Э.» ЖЧКсы тарабынан аткарылган сметалык баасы 38 млн 441 миң 57 сомдук Баткен облустук телерадиокомпаниясынын имаратынын курулушун акт менен кабыл алышкан.
Бирок, прокурордук текшерүүдө подрядчы тарабынан 11 млн 414 миң 987 сомдук курулуш иштери аткарылбагандыгы жана тапшырылбагандыгы аныкталып, жогоруда көрсөтүлгөн сумма тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча толук көлөмдө мамлекетке кайтарылды.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылып, иш кароо үчүн сотко жөнөтүлдү.