Ош облусунда дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Кара-Суу районунун Мады айылынын тургуну Авазбек кызы Зарина изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 2005-жылкы кыз ушул жылдын 29-апрель күнү болжол менен саат 13:30до Алай районунун Гүлчө айылынан чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 155-160 см, дене түзүлүшү орто келген, чачы кара түстө, кашы-көзү кара.
Кийимдери: үстүндө кызыл түстөгү футболка, көк түстөгү шым, бутунда ак түстөгү бут кийим.
«Авазбек кызы Заринаны көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу маалымдоону суранабыз: (03234) 5-14-72, 0558 82-48-80, 0704 89-30-34»,-деп берилет билдирүүдө.
.