Кызыл-Кыяда жоголуп кеткен кыз табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 16-май күнү милиция кызматкери коомдук коопсуздукту сактап жүрүп, Кызыл-Кыя шаарындагы Асаналиев көчөсүндө жайгашкан “Таштемир-Ажы” базарында эртең мененки саат 9дар чамасында 4-5 жаштагы жаш кыз жоголуп калганын байкаган.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө арадан 1,5 саат өткөндөн кийин Ош облусунун Ноокат районунун Салиева айылынын тургуну (кыздын апасы) милиция кызматкерлерине өзүнүн ыраазычылыгын билдирип, кызын алып кеткен.