Адам өлтүрүүгө шектүү жаран аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-майда болжол менен саат 10:52 чамасында Бишкек ШИИББнин «102» кызматына Урицкий көчөсүнүн үйлөрүнүн биринде “аял кишинин жансыз денеси жатат” деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1959-жылы туулган Д.И. аттуу аял киши мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү аныкталган.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1964-жылы туулган Г. Б. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май районундук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.