7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эл акыны Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды

1268

Бүгүн, 16-майда Талас облусунун Бек- Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык — Булак айылындагы Б. Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына Байдылда Сарногоевдин бюсту ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, иш чарага КРнын Маданият маалымат жаштар саясаты жана спорт министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын эл акындары Анатай Өмүрканов, Амантай Кутманалиев манасчы, дастанчы төкмө акындар жана акындын айылдаштары менен бир катар маданият ишмерлери катышты.

Анда акындын чыгармачылыгына сары эсеп салынып, бүгүнкү күндө Байдылда Сарногоевдун ырлары өз актуалдуулугун жоготопой келе жатканы, анын адамдык парасаты жана жогорку чыгармачылык касиети тууралуу жылуу пикирлер айтылды.

Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган.

Анын «Ак калпак», «Ашуудан берген отчётум» деген китептери колдон-колго өтүп окулган. Бул анын ырларына биринчи кезекте улуттун салты, маданияты, тили жана руху терең сиңдирилгендиги менен, ар бир сабынан кыргыздык мүнөз, кыргыздык бөтөнчөлүктөр көрүнүп тургандыгы менен жана юмордук белгилеринин күчтүүлүгү менен байланышат. Ал төкмөлөр чыгармачылыгына жакын, нукура улуттук колорит менен жазганы менен белгилүү болчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1269