7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: Баасы жарым млн сомду чапчыган контрабандалык жүк кармалды

727

Баткен бажысынын кызматкерлери жарым миллион сомдук аткезчилик жол менен алынып келе жаткан капустаны ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Баткен районунун Чоң-Талаа айылына жакын «Айрылыш» мобилдик постунда Ж.у.А. аттуу КР жаранынын башкаруусунда «DAIMLER CHRYSLER» автоунаасын токтотушуп текшеришкен.

Текшерип кароодо 8500 кг салмактагы «капуста» табылган. Жүк ЕАЭБ бажы аймагына ташып кирүүнүн мыйзамдуулугун ырастаган эч кандай товар коштоочу документтери болгон эмес.

Товардын орточо базар баасы 467 500 сомду түзгөн. Аталган жаранга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 7500 сом суммасына айып өндүрүлүп, 125 337 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728