7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кулпунай жүзүңүздү агартат, жүрөгүңүздү тазартат…

1081

Май жана июнь айлары ширелүү бышкан кулпунайдын мезгили. Анын кандай даамдуу экенин баарыбыз эле сезебиз бирок, организмге болгон пайдалуулугун көбү эле биле бербесе керек. Кулпунайдын пайдалуулугун билип алыңыз…

Кулпунай эс тутумду жакшыртат

Изилдөөлөргө ылайык, кулпунай мээнин картаюу процессин узартат, биздин эс тутумду болушунча узакка сактоого мүмкүндүк берет. Кызыгы, күн сайын кулпунай жеп туруу кыска мөөнөттүү эс тутумду жакшыртаарын далилдеген изилдөө дагы бар. Альцгеймер оорусун алдын алганга жардам берет.

Кулпунай көздүн көрүүсүн жакшыртат

Бышкан кызыл кулпунай көздүн көрүүсүн жакшыртат жана көрүүнүн начарлашына алып келген көптөгөн ооруларды алдын алат.

С витаминине бай мөмө

С витамининин же аскорбин кислотасынын негизги булагы лимон, апельсин жана өзгөчө учурларда сарымсак экендиги маалым. Ошол эле учурда, кулпунай дагы бул тизмеге кирет. Кызыгы, кулпунай тоңдурулуп бир нече убакытка сакталып калган шартта дагы курамындагы витамин жаңы бышкан кулпунайдыкындай эле кала берет.

Кулпунай рак оорусун алдын алат

Бүгүнкү күндө рак жана анын алдын алуу ыкмаларын изилдөө үчүн жыл сайын жүздөгөн изилдөөлөр жүргүзүлөт. Алардын кээ бирлери белгилүү бир тамак-аштарды үзгүлтүксүз колдонуу рак оорусунун өнүгүү мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бул тизмеге кулпунай мөмөсү дагы кирет. С витамин, эллаговая кислота, антоциан, кемпферол жана башка пайдалуу заттардын жогорку концентрациясынан улам бул мөмө рактын айрым түрлөрүнүн өнүгүшүнө тоскоол боло алат. Кулпунайдын бул касиетин тастыктаган изилдөөлөрдүн арасында Огайо университетинин Рак изилдөө борбору далилдеген.

Кулпунай айымдардын фигурасынын бир калыпта болушуна дагы жардам берет

Биринчиден, мөмөнүн калориясы аз 100 граммда болгону 33 килокалория бар, демек бир нече мүнөт чуркап койсоң эле калория күйүп кетет. Экинчиден, анын гликемикалык индекси төмөн, ал майдын топтолушуна жол бербейт.

Кулпунай кант диабетинин деңгээлин нормалдаштырат

Кулпунай — кант диабети менен ооругандар жей турган мөмөлөрдүн бири. Курамындагы пайдалуу заттар кандагы канттын кескин жогорулашына өбөлгө түзбөйт, ошондой эле канттын сиңүүсүн жайлатат. Ушундан улам кант диабети менен ооруп калуу коркунучу бар адамдарга да сунушталат. Бул мөмө алдын алуу үчүн мыкты каражат болуп саналат деп эсептелет.

Кулпунай антиоксидантка бай (Антиоксиданттар же консерванттар дененин клеткаларына активдүү кычкылтектин зыяндуу таасиринен сактануучу заттар)

Антиоксиданттар организмди эрте картаюудан жана олуттуу оорулардан коргойт. Окумуштуулар кулпунайдын курамында көп сандагы кошулмалар – биофлавоноиддер бар экенин белгилешет, алар антиоксиданттык касиетке ээ.

Кулпунай жүрөккө пайдалуу

Бул кызыл мөмөлөр көптөгөн жүрөк-кан тамыр ооруларынын пайда болуу жана өнүктүрүү рискин азайтат деп далилденген. Жогоруда айтылгандай, кулпунай ар кандай витаминдерге жана антиоксиданттарга бай. Бул мөмө-жемиштерде магний жана калий кендери бар.

Терини тазалайт. Теринин ден соолугу үчүн эң жакшы жемиштердин бири кулпунай

Ички жана тышкы факторлордун таасиринин натыйжасында теринин абалы жана көрүнүшү убакыттын өтүшү менен өзгөрөт. Туура эмес тамактануу, күндүн таасири жана экологиялык токсиндер картаюуга, теринин сезгенишине, безеткиге жана башка тери көйгөйлөрүнө өбөлгө түзөт. Бул жемиш теринин ден соолугун жакшыртуучу А витамини жана С витамини сыяктуу антиоксиданттарды камтыйт. Теридеги майдын пайда болушун, бырыштын пайда болушун, теринин түсүн өзгөртүүнү жана теринин ийкемдүүлүгүн жакшыртат.

Ошондой эле С витамининин жогорку деңгээли коллаген синтезин стимулдаштырат,UVA жана UVB нурлардан коргойт жана гиперпигментацияны жана ар кандай сезгенүүнү, безеткини азайтат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1082