7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Чубак ажы Жалилов» атындагы жаңы курулуп жаткан мечиттин биринчи кабаты бүттү

1074

Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Телман 2 айылында курулуп жаткан «Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин курулушу менен жеринде таанышты. Баш имам-хатиб аалымдын атын алган мечиттин биринчи кабаты бүткөрүлгөнүн кабарлады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

«Жергиликтүү демөөрчүлөр Чубак ажынын ысымын өчүрбөй, дайыма эстеп жүрөлү деп ысымын берүүнү туура көрүшүптүр. Элибиздин аалымдарга урмат көрсөткөнү, эмгектерин эскере жүргөнү өтө сонун көрүнүш. Ислам дининин асыл баалуулуктарынын жайылышына зор салым кошкон Орто Азияга белгилүү дин аалымы Чубак ажынынын эмгеги чоң. Мечиттин курулушу 2021-жылдын апрель-май айларында башталган. Учурда 2-кабаты чет элдик демөөрчүлөр тарабынан бүткөрүлсө, дааратканасы, очокканасы, имамдын бөлмөсү жана кошумча бөлмөлөр жергиликтүү жамааттын жардамы менен бүткөрүлдү», – деп билдирди Абдирашит ажы.

Эскерте кетсек, аталган айылдагы көчөлөрдүн бирине Чубак ажынын ысымы коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1075