7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз жарандарын мыйзамсыз Европа менен АКШ өлкөлөрүнө миграциясын уюштурган адам кармалды

918

Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө мыйзамсыз алып келүүнү жана алып чыгууну уюштурган туруктуу канал аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, чет өлкөлөргө ишке орноштуруу менен алектенген Кыргызстандын жараны 1986-жылы туулган А.Н., ЖЧК «Грин Лайт Компани» эл аралык билим берүү борборунун директору аныкталган.

Аталган жаран Кыргызстандын жарандарын чет өлкөгө ишке орноштуруу үчүн, уруксаты жок туруп 10-15 адамдан турган (арасында балдар да болгон) КРнын жарандарын чогултуп, аларды Европа жана АКШ өлкөлөрүнө жеткирүү үчүн мыйзамсыз Украина аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткирген.

Шектүү Кыргызстандын жарандарын Молдовада 4-5 айга жакын кармап, чет өлкөлүк жарандар менен тил табышып, бир нече жолу круиздик жана жүк ташуучу кемелер аркылуу АКШга жана Европага жөнөтүүгө аракет кылган.

Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын жарандарына кылмыш иштери козголуп депортацияланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү болжол менен 5 000 000 млн. сом ири өлчөмдөгү  акча каражаттарына ээ болгон. 14-май күнү Кыргызстандын чек арасынан өтүп жаткан учурда «Манас» эл аралык аэропортунан кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-бөлүмүнүн 2-беренеси (мыйзамсыз миграцияны уюштуруу, мигранттарды мыйзамсыз ташып кирүү (ташып чыгуу) кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүүдө.

«Кармалган жарандан же «Грин Лайт Компани» компаниясынын ушул сыяктуу кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо максатында жабыр тарткан жарандар болсо 102 же 0702 828 028, 0703 558 125 телефондоруна кайрылууну өтүнөбүз»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

919