7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ичи ооруп төрөт үйүнө жеткирилген келин кош бойлуу эмес болуп чыкты

1099

Бир күн мурда №214 маршруттук таксиде келиндин ичи ооруп, ал борбордогу №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Айдоочу келинди ооруканага таштап андан ары жүргүнчүлөрдү ташууну уланткан.

Бүгүн, 8-июлда толгоосу кармады делинген келиндин кош бойлуу эместиги аныкталды. Бул туурасында №1 төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары Акиян Малдыбаев Kaktus.media`га билдирди.

«№214 маршруттук таксинин айдоочусу келинди таштап кетти. Кабылдамадан биздин кызматкерлер келинден эмне болгонун сурашканда ал курсагынын ылдый жагы ооруп жатканын билдирген. Келин мас абалда экен. Дарыгерлер анын кан басымын, дене табын, жүрөгүнүн кагышын текшерип, кароодон өткөрүшүп, УЗИ жасашты. Жыйынтыгында ал кош бойлуу эместиги такталды. Ичи ооруп жатканына даттанган келин 19 күндөн бери алкоголдук ичимдик ичип жүргөнүн билдирди. Ал ичимдикке ууланган болушу мүмкүн. Мындан улам биз «Тез жардам» кызматын чакырып өткөрүп бердик», — дейт адис.

Булак: Kaktus.media

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1100