Бир күн мурда №214 маршруттук таксиде келиндин ичи ооруп, ал борбордогу №1 төрөт үйүнө жеткирилген. Айдоочу келинди ооруканага таштап андан ары жүргүнчүлөрдү ташууну уланткан.
Бүгүн, 8-июлда толгоосу кармады делинген келиндин кош бойлуу эместиги аныкталды. Бул туурасында №1 төрөт үйүнүн башкы дарыгеринин орун басары Акиян Малдыбаев Kaktus.media`га билдирди.
«№214 маршруттук таксинин айдоочусу келинди таштап кетти. Кабылдамадан биздин кызматкерлер келинден эмне болгонун сурашканда ал курсагынын ылдый жагы ооруп жатканын билдирген. Келин мас абалда экен. Дарыгерлер анын кан басымын, дене табын, жүрөгүнүн кагышын текшерип, кароодон өткөрүшүп, УЗИ жасашты. Жыйынтыгында ал кош бойлуу эместиги такталды. Ичи ооруп жатканына даттанган келин 19 күндөн бери алкоголдук ичимдик ичип жүргөнүн билдирди. Ал ичимдикке ууланган болушу мүмкүн. Мындан улам биз «Тез жардам» кызматын чакырып өткөрүп бердик», — дейт адис.
Булак: Kaktus.media