Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык бүгүн, 23-августта Орусиядагы жол кырсыгында каза болгон мекендештерди эскерип Кыргызстан аза күтүүдө.
Жалпы аза күтүү күнүндө маданий, оюн-зоок программалар токтотулуп, мекемелердеги Кыргызстандын желеги ылдый түшүрүлөт.
Ошондой эле Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы шейшембиде өлкөдөгү бардык мечиттерде бешим намазынан кийин куран окуларын кабарлаган.
Төмөндө бүтүндөй журттун кайгысына айланган бул кырсыктан каза болгон мекендештерди эскерип жазган акындардын ырларын сунуштайбыз.
ГРУЗ-200
Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?
Ушул жерге кан сураган, жан алган,
Кандай максат сени апкелди жетелеп?
Камгагым ай, калдаңдаган шамалдан,
Көчөтүм ай, көөнө бакка көчө элек…
Ким элең сен? Атасыңбы? Энесиң,
Же баласың үйдө жалгыз чырактай…
Кимдин азыр өрттөп жатат денесин,
Тирүү калган айыбы үчүн чыдатпай?
Тирүү калган… Сени тирүү билгендер
Эзет өзүн, эчен жылдар эсин жейт…
Сени апкелген кул жолдорду бул жерге
Сени апкеткен жолдор эми кечирбейт!
Эл бийлеген бектин, байдын, жакшынын,
Катасы – сен, бирок алар билишпейт.
… Өз кайгысын көрбөгөндөр бактылуу.
Төмөн турган төмөндүктү бийик дейт…
Жүк-200… Жүз? Эки жүз? Мүмкүн миң,
Каргыш тийгир, сен канчанчы табытсың?!
Кимдин азыр чарт айрылып күлкүсү,
Кимге өчтү жанып турган жарык Күн?…
Акын Нарсулуу Гургубай
Бүгүн дагы ыйлап кыргыз апасы,
Бүгүн дагы мөгдөйт кыргыз атасы!
Бүгүн дагы жетим калып чыркырап,
Бүк түшүүдө мигранттын баласы!
Калды сынып өмүрдөгү кемеси,
Калат эсте маркумдардын элеси!
Кеткен жолго турмуш жүгүн артынып,
Келет өлүү мигранттын денеси!
Кыйындардын аткарылбай сөздөрү,
Кыйналышты кыргыздардын өздөрү.
“Кирди-чыкты” кагаз канга боелуп,
Келе жатат мигранттын сөөктөрү!!!
КОШ МЕКЕНДЕШ!
ЖКнын депутаты Мирлан Самыйкожо
АМАНАТ…
Ушул жыртык бүтөлсө эле кетем деп,
Узак жылдар жүрөсүңөр чет элдеп.
А бул жакта жакындарың сароору,
Аман-эсен кайтып келсе экен деп.
Алыс жакта жонуңардан тер кетип,
Ана барам дегиче эле эр жетип,
Мында калган балдарыңар чоңойгон,
Мыйзамына турмуш салкын терметип.
Мерез турмуш эч кимди аяп койгон жок,
Мээримиңе балдарыңар тойгон жок.
Илең-салаң мекениңдин абалы,
Ишсиздикти ишенгендер жойгон жок.
Жакшы турмуш үчүн кылып далалат,
Жан багам деп бүт дүйнөнү аралап,
Жакыныңдан алыс жүргөн жердешим,
Жаратканга жандарыңар аманат.
Акын Нуркыз Рыскул кызы