7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагына социалдык турак-жай курулат

645

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы мурдагы №47 түзөтүү колониясынын аймагындагы көп кабаттуу социалдык турак-жай комплекси курула турган жерди демонтаждоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мурдагы №47 түзөтүү колониясынын имараттарын бузуу, аймагын тазалоо жана курулуш иштерине даярдоо иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлүүдө.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, №47 түзөтүү колониясын башка жакка көчүрүүнүн негизги себеби болуп түзөтүү мекемелерине карата заманбап талаптарга жооп бербеген эскирген имараттары, ошондой эле мекеменин шаардын калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыгы саналат, бул коомдук коопсуздукка коркунуч туудурат.

Акылбек Жапаров 5-10 миң адамдын жашоосуна ылайыкташкан көп батирлүү социалдык турак-жай комплексинин бир нече долбоорлору менен таанышты.

Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев маалымдагандай, 8,5 га аянтты ээлеген №47 колониянын ордуна көп батирлүү социалдык турак-жай комплексин куруу боюнча долбоор иштелип чыккан.

Долбоордо билим берүү мекемелери жана бала бакчалар, ошондой эле эл аралык стандарттарга жооп берген социалдык турак-жайлар камтылган.

«Келерки жылдан тартып бул жерде курулуш иштери башталат. Социалдык долбоорду ишке ашырууга инвесторлор тартылат», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле 5 жыл аралыгында шаарда жайгашкан түзөтүү мекемелерин борбордон тышкары көчүрүү пландалып жатканын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

646