Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Аны колго түшүрүү иштери 28-сентябрда Кечинде ИИМдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш Кыргызстандагы жогорку окуу жайга чет мамлекеттин жарандарын студент катары кабыл алууда ири суммадагы (110 000 доллар) каражат талап кылуу фактысы боюнча козголгон.