7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдөгү жаш футболчулардын рейтингине Бекназ Алмазбеков дагы кирди (ФОТО)

671

The Guardian гезити дүйнөдөгү 2005-жылкы 60 мыкты футболчунун рейтингин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда рейтинге Кыргызстандын улуттук курама командасынын 17 жаштагы футболчусу Бекназ Алмазбеков кирди. Учурда Алмазбеков Түркиянын “Галатасарай” командасында ойнойт.

Белгилей кетсек, кыргызстандык футболчу 2020-жылдын март айында Азия футбол конфедерациясы тарабынан жарыяланган Борбор Азиянын мыкты жети футболчусунун катарын толуктаган.

Ал эми “Галатасарай” командасында (U-19) Алмазбеков быйылкы сезондо үч оюнда төрт гол киргизгенге жетишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

672