Түйшөлүү
Терезеден тийип бетке күн нуру,
Таттуу уйкумдан жаңы гана ойгондум.
«Аткан таңды кандай тосуп алды?..»,-деп,
Ачып көздү, дароо сизди ойлондум.
******************************************
Болоор болбос көйгөйлөргө түйшөлүп,
Билбейм, балким кабагыңыз чыгаар суз.
Бүтпөй калган ишиңизге шашылып,
Бүгүн дагы эрте турган чыгаарсыз…
******************************************
Күчөп улам сагынычым сиз деген,
Көөдөнүмө жайылууда толуп муң,
Койсо эгер тагдыр менин эркиме,
Келээр эле азыр сизге жолуккум.
*******************************************
Кездешүүнүн бир айласын таба албай,
Күн-түн дебей ичтен сызып, толгонуу.
Жашоо токтоп калмайынча иш бүтпөйт,
«Жолугалы?»,-деп койсоңуз болгону.
Автор: Ырысгүл Изатова