Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапары уланууда. Бүгүн, 30-сентябрда, Акылбек Жапаров Капчыгай, Ак-Сай айылында болуп, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Ошондой эле, Минкаб Төрагасы бузулган үйлөрдүн ордуларын тазалоо жана ал жерлерге жаңыларын курууга даярдык иштери менен таанышты.
Чек арадагы окуяда жабыркаган айылдарда жаңы үйлөрдү курууда таза суу, септик, инфратүзүм өңдүү шарттарды эске алууга көңүл бурулду.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Ак-Сай айылындагы мектептин имаратын көрүп чыгып, билим берүү мекемесинин маселесин чечүүгө байланыштуу тийиштүү тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, Баткен жана Ош облустарында болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын төрагасы Минкаб жетекчиси Акылбек Жапаров. Комиссиянын отуруму эртең, 1-октябрга белгиленген.