7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте карылар ак көгүчкөн учуруп «алтын тоюн» белгилешти (ФОТО)

947

Эл аралык карылар күнүнө карата бриллиант, изумруд жана алтын түгөйлөр юбилейлик тоюн борбор калаанын Үйлөнүү үлпөт сарайында белгилешти. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Свердлов районунун иш-чарасына 1 темир, 3 алмаз, 6 изумруд жана 20 алтын түгөйлөр катышты. Райондо жалпысынан 30 түгөй жашайт жана аларга баалуу белектер берилди.

Биринчи май районундагы Бакыт өргөсүндө  Жубайлар Мендельсондун үйлөнүү үлпөт маршы менен юбилейлердин Ардак китебине кол коюшту. Майрамдык маанайды Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын студенттери таасирдүү вальс, улуттук бий менен коштоду, ошондой эле  жубайлар да өздөрү үйлөнүү үлпөт вальсын бийлешти. Иш-чаранын соңунда берилгендиктин жана сүйүүнүн белгиси катары асманга ак көгүчкөндөр учурулду. Ошондой эле, акимчиликтин кызматкерлери кылым карыткандарды үйүндө зыярат кылып, баалуу белектерин жана ар бирине 5 миң сомдон тапшырышты.

Октябрь районунда «Таберик» залында райондун акими Азамат Дороев райондун бриллиант, изумруд, алтын түгөйлөрүн мааракелери менен куттуктады. Октябрь району боюнча 1 үлгүлүү, 6 алмаз, 12 изумруд жана 9 алтын түгөйлөр бар. Жалпысынан иш-чарага 28 түгөй катышты.

Райондун бриллиант, алтын түгөйлөрүн Ленин районунун акими да куттуктап, баалуу белектерин тапшырды. Жубайлар юбилейлердин Ардак китебине кол коюшту.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

948