7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Капышмалы аба күрөшүнөн кыргызстандык балбандар 4 медаль жеңди

644

Бүгүн, 1-октябрь Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында капышмалы аба күрөшү боюнча курама команда 4 медаль жеңди. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

75 кг салмакта Манас Үсөнов 1-орунду ээлеп мелдештин чемпиону болду. 90 кг жогоркулар арасында Орозбек Алмазбеков күмүш байге ээледи.

Ошондой эле, Урмат Нарынбеков, Азим Эсенбек уулу коло байгенин ээлери болушту.

Аталган мелдешке Кыргызстандан жалпы 6 балбан катышты. Бекмамат Бейшен уулу жана Тилек Куралов 4-орунду ээледи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

645