Жогорку кеңештин бүгүнкү, 5-октябрдагы жыйынында Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетип жатканын айтты.
«Баарыңарга белгилүү болгондой, 7-чакырылыш эл тарабынан шайланып, парламенттен орун алып, милдеттерин так аткарып келе жатат. 1 жылдан ашык убакыт өттү. Мени төрага кылып шайладыңар. Мен болгон күч-аракетимди парламенттин кадыр-баркын көтөрүүгө, конституциялык укуктарды ишке ашырууга жумшадым. Көптөгөн жакшы чечимдер кабыл алынды. 6-чакырылышта өзүбүз баштаган «Кумтөр» маселеси. Бул боюнча депутаттык комитет түзүлүп, тышкы башкаруучу киргизилди. Бул менин жеке чечимим. Ага жакында парламентте болгон окуя себеп болду. Өз ыктыяры менен каалагандар Баткенге бардык. Мен ошол кезде эле өз арызымды жазып, Баткенге кетейин деген оюм бар эле. Бирок депутаттардын суранычы менен убактылуу өз милдеттеримди орун басарым Жамиля Исаевага жүктөдүм. Мен өз ыктыярым менен төрагалык кызматтан кетүүнү чечтим. Мени туура түшүнөсүңөр деп ишенем», — деди ал.
Посмотреть эту публикацию в Instagram