7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

45 жашында төрөгөн Моника Беллуччи тууралуу билгиңиз келеби?

567

Моника Беллуччи италиядагы эң атактуу жылдыздардын бири. Актриса жана модель көптөгөн тасмаларга катышып дүйнө жүзүнө таанылып, көп күйөрмандарды топтой алган.

Моника Беллуччи 1964-жылы 30-сентябрда Ситта ди Кастелло деген чакан шаарда төрөлгөн. Атасы транспорттук компанияда иштеген болсо, апасы сүрөтчү болгон. Кыз чыгармачыл үй-бүлөдө чоңойгон.

Орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Беллуччи Перуджа университетине тапшырып, юридикалык факультетинде билим алган. Ошол учурда ал атактуу болууну кыялданчу эмес, анткени билим алуу ал үчүн дайыма биринчи орунда эле.

Ал 23-жашында моделдик чөйрөгө кошулуп Amica, Elle, Vogue журналдарынын беттеринен чыгып баштаган. Андан соң көптөгөн атактуу бренддерден кызматташуу боюнча сунуштарды ала баштаган (мисалы, Dolce & Gabbana, Prada жана Victoria’s Secret).

1988-жылы Миланга көчүп келип, эки жылдан кийин актрисалык карьерасын баштаган. Биринчи жолу 1990-жылы Италиялык фотограф Клаудио Бассого турмушка чыккан. 4 жыл жашап эки айрым жолго түшүшкөн. Экинчи жолу турмушка Венсан Кассельге чыккан. Модель менен франциялык актёр съемка аянтында таанышкан.

Моника 2004-жылы 39 жашында кыздуу болуп атын Дева койгон. Ал эми экинчи кызын 45 жашында төрөп Леони деген ысым берилген.
Жылдыздар 2013-жылы ажырашып кетишкен. Бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышкан. Маалыматтарга караганда, жолдошу көзүнө көп жолу чөп салган.

Фактылар: 
1. Актрисанын бою 178 сантиметр, салмагы болжол менен 65 килограмм.
2. Актриса спорт менен машыгат. Сууда сүзүү жана йога анын денени чыңдоо үчүн эң жакшы көргөн машыгуусу.
3. Актриса көптөгөн басылмалардын версиялары боюнча биздин замандын эң сулуу аялдарынын рейтингинин башында бир нече жолу болгон.
4. Моника Анна Мария Беллуччи анын толук аты жөнү.
5. Моделдин сүйүктүү суусундугу – бул ак вино.
6. Моника үй-бүлөдө жалгыз кыз болгон.
7. Бала кезинде юрист болууну кыялданган, бирок модель болгондон кийин бул кыялдан баш тарткан.
8. Англис, француз, ошондой эле испан тилинде сүйлөйт.
9. Моника Беллучинин кызы Дева учурда модельдик дүйнөгө кадам таштап, учурда белгилүү брендттер менен иштешүүдө. Ал болгону 18 жашта.
10. Моника кичинекей кезинде көбүнчө балдарга окшоп жүргөн, анткени апасы чачы калың болсун деп чачын кырып сала берген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

568