Бетке массаж жасоо адиси Оморбек кызы Бактынур айымдарга табигый массаж жасап көйгөйлөрүнөн арылууга көмөктөшүп келет. Ал 2014-жылдан бери бул тармакта иштеп, учурда бир нече кыздарды үйрөтүп келет.
Бактынур айым массаждын бетке болгон пайдаларын жана күз мезгилинде бетке кантип туура кам көрүү керектигин айтып берди.
Массаждын пайдасы:
1. Массаждан кийин организмдин жалпы абалы оңолуп, чарчоо жоголот
2. Нерв системасын тынчтандырып, эс алуу жана жыргалчылык сезимин өстүрөт.
3. Чыңалууну жана тынчсызданууну азайтып, депрессиядан арылууга жардам берет.
4. Бул клеткаларга кычкылтек жана азык жеткирүүчү кан айланууну жакшыртат.
5. Дененин калдыктарын ташып кетүүчү лимфа системасын стимулдайт.
6. Булчуң ооруларынын жана спазмдардын алдын алат жана жеңилдетет.
7. Массаж терапиясы артрит жана булчуң спазмы сыяктуу шарттарда ооруну жөнгө салууда жардам берет.
8. Арыктоого жана целлюлиттен айрылганы жардам берет
9.Төрөттөн кийин ичти тартууга да салымы чоң
Учурда Бактынур айым көбүнчө бетке басым жасап, жашартуучу япон ыкмасы менен беттин өңүн жакшыртууга, бырыштарды кетирүүгө жардам берип келет.
Кайсыл учурда, кандай куракта бетке массаж жасоо керек?
Айымдар 30жаштан өткөндөн баштап же ага чейин деле ар кандай факторлордун таасиринен улам төмөндөгүдөй көйгөйлөр пайда боло баштайт:
-көздүн айланасында майда бырыштардын пайда болуусу;
-экинчи ээктин чыгып калуусу;
-беттин ылдыйлап саландоосу — ооздун айланасында бырыштар пайда болуусу;
-кабактардын саландашы;
-бешенеге майда бырыштардын пайда болуусу;
-эки каштын ортосундагы бырыштар
-бетте шишиктин пайда болуусу -беттин нуру өчүүсү.
Эгерде ушул көйгөйлөрдү өзүңүздөн байкап жүрсөңүз ошондой эле ар кандай косметологиялык иньекция менен хирургиялык аракеттерге каршы болсонуз, табигый жашаргыңыз келсе, жаштыгынызды көп жылдарга сактоону кааласаныз анда адис табигый жашартуучу процедура буккалдык скульптуралык укалоону (массаж) сунуштайт.
Ал эми азыр күз мезгилинде бетиңизге кам көрүү үчүн бир нече этаптарды кошууга туура келет.
- Күн суук болгондо дайыма маска жасоо керек, анткени беттин териси кургап кетет;
- Көчөгө чыгаардын алдында нымдандыруучу крем колдонуу керек;
- Бетиниз чувствительный же купероз бар адамдар сууктан сактануу керек;
- Терини жаңылоо керек, башкача айтканда пилинг процедурасын жана нымдаштырууну унутпаңыз.Теринин коргоочу функциясын аткаруу — терини күндүн нурунан, шамалдан, үшүктөн коргоо зарыл; күндөн коргоочу фильтрди камтыган косметиканы тандоо жакшы;
- Тышкы факторлордон — тамеки түтүнүнөн, стресстен алыс болуңуз. Мунун баары териге зыяндуу таасирин тийгизет.
- Эң негизгиси сиз тандаган косметика жана бетке кам көрүү сиздин териңиздин түрүнө дал келиши керек.
Бетке өзүн өзү массаж жасоонун пайдасы:
Массаж аркылуу алсыраган булчуңдарды чыңдайт – тери тартылат, лимфа жана ашыкча суюктуктун чыгышы көбөйөт, көздүн астындагы бырыштар байкалаарлык азаят , беттеги шишик жана шлактар чыгып, терең бырыштар жазылып, кан айлануу жакшырганы үчүн жашаруу процесси жүрүп бет кадимкидей 5-6 жашка жашарат.