7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку Кеңештин комитети Кемпир-Абадды биргелешип башкаруу боюнча келишимди жактырды

674

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети Кемпир-Абад суу сактагычын Кыргызстан менен Өзбекстандын биргелешип башкаруусу жөнүндөгү келишим долбоорун жактырды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга аталган комитеттин төрагасынын орун басары Чолпон Султанбекова билдирген.

Ал белгилегендей, келишим долбоорун жыйынга катышкан бардык депутаттар жактырышкан. Жыйын жабык өтүп, Султанбекова бул кылдат каралчу маселе экенин, туура эмес маалыматтар жайылып кетпеши үчүн аны жабык кароо чечими кабыл алынганын айткан. Бирок комитет башчысынын орун басары макулдашууну ратификациялоо ачык өтө тургандыгын белгилеген.

Процедура боюнча эки өлкөнүн президенттери документке кол коюп, аны Жогорку Кеңештин кароосуна жана ратификациялоого жөнөтөт.

Эске салсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга иш сапары пландалып жатат, азырынча так күнү белгилене элек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

675